13.09.2018 18:11

«Арча-Бешик» жаңы конушундагы 6000 ашык турак-үй жаратылыш газына кошулду

«Арча-Бешик» жаңы конушундагы 6000 ашык турак-үй жаратылыш газына кошулду

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаарынын «Арча-Бешик» жаңы конушундагы 6000 ашык турак-үй жаратылыш газына кошулду. 32,1 миңге жакын жашоочулар экологиялык таза отун менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти. 

Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев узундугу 146 чакырымды түзгөн газ өткөргүчтөрдү орнотуу иштеринин биринчи этабы бүтүп жатканын маалымдады.

«6000 миңден ашык турак-үйлөргө газ кирип жатат. Биз үчүн бул өтө чоң кубаныч. 2018-жылдын башынан тартып Бишкек шаарынын Ленин району боюнча 3 конушка газ киргизилди. Буга чейин «Ала-Тоо» жана «Ак-Ордо» конуштарына газ жетсе, бүгүн «Арча-Бешикке» жетип отурат. Жылдын аягына чейин «Ак-Өргөө» конушуна газ кирет»,-деди  Нурдин Тынаев.

2017-жылдын жыйынтыгы менен “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан 2017-жылдагы инвестициялык программасы толугу менен аткарылды: 450 чакырымдай газ өткөргүчтөр курулуп, 20 000 турак-жайды камтыган 160 000 абонент газга кошулуу мүмкүнчүлүгүн алды. Жаратылыш газы 16 калктуу конушка берилди. Экологиялык таза отун менен Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын жашоочулары камсыздалды.